Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш - 21

Жашыруун Сайкс-Пико келишиминин 100 - жылы жана Жакынкы Чыгыш

499084
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш  - 21

 

16 – май күнү Сайкс – Пико келишиминин 100 жылдыгы эле. Келишим ага атын берген англис жана француз эки дипломаттын чыгармасы эле. Бул  маанилүү жана жашыруун келишим Осмон мамлекетинин Жакынкы Чыгыштагы жерлеринин Франция жана Британиянын ортосунда бөлүшүлүшүнүн документи эле. Араларындагы баалашуунун чагылдырып жаткан. Жалпы кабыл алууга караганда Жакынкы Чыгыш мамлекеттери бул келишим белгилеген жасалма чек аралар аркылуу жаралган. Чек аралар белгиленип жатканда аймак калкы менен кеңешилген эмес жана каалоолоруна эч көңүл бурулган эмес. Ушул себеп менен осмондуктан кийин Жакынкы Чыгышта Сайкс – Пико тартиби үстөмдүк кылды жана  бул хаос деген болот. Жакынкы Чыгыштын өзгөчө да Ирак жана Сирия жашап жаткан маселелердин жооптуусу катары да бул келишим көрсөтүлдү. Бирок Сайкс – Пикону күнөөлөгөн сөздөргө каршы чыккандар да бар. Булардын сындарына караганда келишимди териштиргендердин  айткандары чындыктар менен дал келбейт жана айтылгандар бир уламыш. Бул сындарга караганда Сайкс – Пико келишими Жакынкы Чыгышта Франция жана Британия үчүн калк жана калк жашаган аянттарды белгиледи, бирок чектерин белгилеген жок. Негизинен чектердин белгилениши, андан кийин түзүлгөн  түрдүү келишимдер жана  макулдашуулардын натыйжасында болду. Чек аралардын жасалмалыгы тууралуу сындар да орунсуз эле. Себеби диний жана этникалык жактан көптөгөн башка коомдорду ичине камтыган бул аймакта бир тектүү калктан турган чектерди сызуу мүмкүн эмес. Айрыкча түрктөр күрөшүү менен Севр келишиминен кандайча баш  тарткан болсо, араптар да муну аткара алышмак. Арадан жүз жыл өткөндөн кийин аймак калктары өзгөчө да араптар башынан өткөргөн маселелерден улам Сайкс  - Пикону күнөөлөөнүн ордуна өздөрүн негизги жоопкер катары көрүүлөрү керек эле.

Жакынкы Чыгышта бүгүн болуп жаткандар тууралуу бир гана колониячыл улуттарды жооптуу кармоо албетте чыныгы картинаны көрүүбүз үчүн жетпейт. Бирок бардык болуп бүткөндөр бир гана араптарды же аймак калктарын жооптуу деп айтуу да  жакшы кыймыл болбойт. Бүгүн болгондорду түшүнүү үчүн көптөгөн тарыхый окуяны жана абалды, фактыларды бирдикте карап чыгуу шарт. Кабыл алуу керек болгон нерсе араб мамлекеттеринин улантууга боло турган демократиялашуу жана экономикалык өнүгүүгө шар түзүүдөгү ийгиликсиздиктер да бүгүн болуп жаткандардын эң негизги себептеринин бирөөсү. Бирок бул ийгиликсиздиктин негизги себептери дагы маанилүү. Ал да араб өлкөлөрүндө бийликти колунда кармап турган бөлүктөрдүн өлкө тышындагы мамлекеттер менен болгон карым катнаштары. Бул карым – катнаштарды түшүнүүгө аракет кылып жатып алдыбызга Сайкс -   Пико келишими чыгып жатат. Бул келишимдеги негизги маселе 1916 -  жылы жана андан кийин эмне болгону эмес. Бүгүн болуп жаткандардын артында болгондорду түшүнүү үчүн 1916 -  жылдан мурунку кылымды да камтыган колониячыл аң – сезимди түшүнүүбүз керек. Айрыкча бул аң – сезимдин 1916 -  жылдан кийин да өз алдыңкылыктарын аймакта ачыкка чыгарганы ачк. Муну да көрүүгө мажбурбуз.

1916 -  жылдан кийин чыккан үч негизги фактор аймакта калктарга карата жооптуу боло турган демократиялык түзүлүштөрдүн ортого чыгуусуна себеп болду :

  1. Аймак мамлекеттерин да ичине тарткан Палестина маселесинин ортого чыгышында өзгөчө Британия жана АКШнын жана батыштык улуттардын ойногон ролу
  2. 1930 -  жылдардан кийин аймакта бай нефть булактарынын ачылышы жана Батыштын бул булактарга кандай болсо да жетүүсү
  3. Экинчи дүйнөлүк согушунан кийин Суук согушта АКШ менен советтер союзунун ортосундагы конкуренциянын аймакта өзүн согуштун өкүлү катары көрсөтүүсү.

Бул үч фактор аймакта үстөмдүк кылган диктатордук режимдер жана аскердик башкаруу элементтери менен бирдикте кароого мажбур. Булар аткарылганда 1950 -  жылдар менен бирге аймакта демократиялык укук мамлекетинин ортого чыгуусуна тоскоол болгону көрүнөт. Бул шарттардын астында бул үч абал алдыбызга чыгууда.

 

1 -  диктаторлук  жана калкына карата жоопкерчиликсиз коррупцияга кирген башкаруулар,

2 -  чоң күчтөрдүн аскердик операцияларына дуушар болгон бир аймак жана

3 -  Араб  - Израиль кагылышуусу аймактын негизги  маселеси катары белгиленүүсү. 

 

Акыркы кылым Жакынкы Чыгыш үчүн абдан жаман жана чечилбеген таблицаны сунуштоодо. Мына ушул кылымдын тескери динамикаларын күчтөндүргөн да Сайкс  - Пикону чыгарган аң – сезим болгон. Бул келишимдин бардык жамандыктардын себеби сыяктуу көрсөтүлүүсүнүн себеби  жеке келишимдин өзү да эмес албетте. Бирок бул келишим бул аң – сезимдин символу сыяктуу болгон. Ал аң – сезим келишимге кол коюлгандан мурунку кылымда жана кол коюлгандан кийинки кылымда аймактагы абалдарга тамгасын баскан.

 



Тектеш кабарлар