Хакан Фидан БАЭде

Министр Фидан Абу-Дабиге сапарынын алкагында БАЭнин президенти Аль Нахайян менен жолугушту.

2224106
Хакан Фидан БАЭде

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян тарабынан Абу-Дабиде кабыл алынды.

Тышкы иштер министрлигинин X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө, министр Фидан Абу-Дабиге сапарынын алкагында БАЭнин президенти Аль Нахайян менен жолугушту.

Билдирүүдө Фидандын БАЭнин Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин башкы катчысы Али Мухаммед Хамед аш-Шамси менен да жолукканы кабарланды.



Тектеш кабарлар