Фидан канадалык кесиптеши менен жолугушту
Министрликтин X социалдык медиа платформасындагы билдирүүдө, министр Фидандын канадалык кесиптеши Жоли менен борбор шаар Анкарада жолугушканы кабарланды.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан кечээ Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли менен жолугушту.
Министрликтин X социалдык медиа платформасындагы билдирүүдө, министр Фидандын канадалык кесиптеши Жоли менен борбор шаар Анкарада жолугушканы кабарланды.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, 2024-жыл Түркия менен Канаданын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 81 жылдыгына туура келип, акыркы жылдарда өзгөчө автомобиль, деңизчилик жана IT секторунда кызматташтыктын өнүктүрүлгөнү белгиленди.
Болжол менен 3 миллиард доллар болгон Түркия-Канада соода көлөмүнүн кыска мөөнөттө 5 миллиард долларга жеткирилиши максат кылынууда.
Биринчиси 2019-жылы Стамбулда өткөрүлгөн Канада менен Биргелешкен экономикалык жана соода комитетинин (JETCO) жыйынынын келечекте улантылышы күтүлүүдө.