Кувейттин эмири Түркияга келет

16-декабрда кызматка киришкен Кувейт эмири Сабах араб дүйнөсүнөн тышкары чет өлкөгө алгачкы расмий сапарын Түркияга жасайт.

2135985
Кувейттин эмири Түркияга келет

Кувейттин эмири Мишааль аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнаштарынын 60 жылдыгында эртең Түркияга келет.
16-декабрда кызматка киришкен Кувейт эмири Сабах араб дүйнөсүнөн тышкары чет өлкөгө алгачкы расмий сапарын Түркияга жасайт.

Дипломатиялык мамилелердин 60 жылдыгында аткарыла турган сапар, 7 жылдан кийин Кувейттен Түркияга эмирлик деңгээлдеги биринчи сапар мүнөзүндө.

Эмир Сабахтын сапарынын алкагында өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө Израилдин Газага кол салуулары менен бирге аймактык абалдар да каралат. 

Эки тараптуу күн тартибинде болсо соода, коргоо өнөр жайы, туризм жана инвестиция сыяктуу маанилүү темалар бар. Ушул алкакта тараптардын ортосунда жаңы келишимдерге кол коюлат.



Тектеш кабарлар