THY Афганистанга карата каттамдарын 21 - майда баштайт

Афганистанда башкаруунун алмашуу процессинде болгон окуялардан улам бир топ аба жолу сыяктуу THY да бул лкөгө карата каттамдарын токтоткон.

2133506
THY Афганистанга карата каттамдарын 21 - майда баштайт

Түрк аба жолдору THY 2021 -  жылы АКШнын Афганистандан чыгышы менен токтоткон Афганистан каттамдарын 21 -  майдан тарта кайра баштайт. 

THYнын Стамбул  - Кабул каттамдарында шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү жумада өз ара  4 каттам ишке ашырылат.

Афганистанда башкаруунун алмашуу процессинде болгон окуялардан улам бир топ аба жолу сыяктуу THY да бул өлкөгө карата каттамдарын токтоткон.

 

 



Тектеш кабарлар