Тышкы иштер министри Фидандын Эр-Рияддагы жолугушуулары

Сүйлөшүүлөрдө Газа жана Батыш Шериадагы акыркы абал каралып, Палестина мамлекетинин дагы көп өлкө тарабынан таанылышы аракетине баа берилди.

2132989
Тышкы иштер министри Фидандын Эр-Рияддагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Палестинанын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммед Мустафа менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Газа боюнча жыйналыштарга катышуу үчүн Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядга барган Фидан Палестинанын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мустафа менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүлөрдө Газа жана Батыш Шериадагы акыркы абал каралып, Палестина мамлекетинин дагы көп өлкө тарабынан таанылышы аракетине баа берилди.

Бир тараптан Хакан Фидан Эр-Риядда Иорданиянын вице-премьер-министри,тышкы иштер жана чет өлкөдөгү иорданиялыктар министри Айман ал-Сафеди менен жолугуп, Газадагы кыргынды токтотуу үчүн Израилге басымды арттыра турган кадамдарды жана Палестина мамлекетинин дагы көп өлкөлөр тарабынан тааныла турган демилгелерди талкуулады.

Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен жолугушкан Фидан эл аралык коомчулукта жана эл аралык коомдук пикирде Израилге карата реакциялардын күчөгөнүнө көңүл бурду.

Израилге карата басымды күчөтүү зарылдыгын баса белгилеген жолугушууда Фидандын Палестина мамлекетинин дагы көп өлкө тарабынан таанылышы үчүн таштала турган кадамдар тууралуу талкуу жүргүзгөнү белгиленди.

Жолугушууда эки өлкөнүн НАТОнун алкагында кызматташуу маселелери да талкууланды.

Фидан Эр-Рияддагы жолугушууларынын алкагында Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен да жолугушту.

Боррелл X социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Фидан менен Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары тууралуу жакшы сүйлөшкөнүн, кызматташтык жана карым-катнаштын улануусу керектигин белгилеп: «Биз аймактык көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү жана өзгөчө Газадагы азапты токтотууну макулдаштык»,-деди.

Министр Фидан Эр-Риядда Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Йемендин тышкы иштер министри жана чет өлкөдөгү йемендиктер министри Шай Мухсин Зиндани жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрахим менен да жолугушту.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидан менен Блинкен Газадагы акыркы абалды жана сүйлөшүүлөрдө жеткен баскычты талкуулашты.

Газадагы кыргынды тез арада токтотуу, туруктуу ок атышпоо жана гуманитардык жардамдын Газага жетиши үчүн Израилге басым жасалышы керектиги баса белгиленди.

Жолугушууда Украинадагы акыркы абалга баа берилип, АКШ-Түркия карым-катнаштары каралды.



Тектеш кабарлар