Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады

Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.

2133122
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады

Вице-президент Жевдет Йылмаз Өнүгүү жолу долбоорунун Түркия жана бүткүл аймак үчүн жаңы дем болорун айтты.

Жевдет Йылмаз TRT Хабер телеканалында «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу суроолорго жооп берип, маанилүү билдирүүлөрдү жасады.

«Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары эки өлкөнүн соода карым-катнаштарына чагылуусу кандай болот» деген суроого Йылмаз, Ирак менен көп өлчөмдүү карым-катнаштардын бар экенин белгиледи.

Коопсуздук, терроризмге каршы күрөш жана энергетика менен бирге эки өлкөнүн ортосундагы сооданын абдан маанилүү экенине көңүл бурган Йылмаз, сапардын негизги күн тартибин Өнүгүү жолу долбоору түзгөнүн кабарлады.

Долбоордун Түркия жана бүткүл аймак үчүн жаңы дем болорун айткан Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.

Йылмаз ошондой эле Өнүгүү жолунун кызматташтык үчүн маанисине токтолуп: «Чыр-чатактар, уруштар, улуттар аралык бөлүнүүлөр, секталар аралык кагылышуулар... Булар эч кимге пайда алып келбейт. Бизге коопсуздук жагынан да, экономикада да кызматташуу керек. Муну кылганда аймактык жактан да такыр башка чекитке барабыз деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар