Хакан Фидан Эр-Риядда
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабияда Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана Араб Лигасы тарабынан Газа боюнча түзүлгөн байланыш тобунун жыйынына катышты.
Түркиянын Газадагы гуманитардык кризисти токтотуу үчүн дипломатиялык иш-аракети уланууда.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабияда Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана Араб Лигасы тарабынан Газа боюнча түзүлгөн байланыш тобунун жыйынына катышты.
Жыйында 4-майда Гамбиянын борбор шаары Банжулда өтө турган ИКУ саммитинде кабыл алынуучу чечимдер талкууланды.
Ошондой эле Палестинаны мамлекет катары таануу процессинде таштала турган биргелешкен кадамдар талкууланды.
Бул алкакта Израиль жана Израилге колдоо көрсөткөн өлкөлөргө карата колдонула турган басым элементтери бааланды.
Хакан Фидандын Эр-Рияддагы жолугушуулары уланууда.
Фидандын күн ичинде Иорданиянын, Норвегиянын жана Йемендин тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдиги Комиссиясынын вице-президенти менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.