Вице-президент Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Румынияга барат
Жевдет Йылмаз бүгүн борбор шаар Бухарестте түрк иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.
2131755
Вице-президент Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Румынияга барат.
Жевдет Йылмаз бүгүн борбор шаар Бухарестте түрк иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.
Сапарынын экинчи күнү 26-апрелде Румыниянын премьер-министри Марсель Чиолаку менен өкмөт имаратында жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрө турган Йылмаз, Румыниянын президенти Клаус Йоханнис тарабынан да кабыл алынат.
Йылмаз ошол эле күнү Драгалинадагы Кара деңиз-Подишор жаратылыш газ түтүгү проектисинин аземине катышат жана Межидиедеги Омниа крахмал фабрикасында жумушчулар менен жолугушат.