Түркия АКШнын негизсиз билдирүүсүнө жооп кайтарды

Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчылыгы тарабынан жарыяланган 2023-жыл үчүн Адам укуктары боюнча отчетто өткөн жылдардагыдай негизсиз айыптоолор, чындыкка коошпогон маалыматтар жана Түркияга карата терс пикирлерди камтыганы

2131736
Түркия АКШнын негизсиз билдирүүсүнө жооп кайтарды

Түркия өзүн-өзү коргоо укугунун негизинде жүргүзгөн антитеррордук операциялардын «толугу менен террордук элементтерге жана алардын террордук аракеттерде колдонгон мүмкүнчүлүктөрүнө» багытталганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчылыгы тарабынан жарыяланган 2023-жыл үчүн Адам укуктары боюнча отчетто өткөн жылдардагыдай негизсиз айыптоолор, чындыкка коошпогон маалыматтар жана Түркияга карата терс пикирлерди камтыганын белгиледи.

Быйыл да «булагы негизсиз дооматтар менен террордук уюмдар менен байланышы бар чөйрөлөрдүн айтымдарынын негизинде даярдалган» бул отчет эске алынбагандыгы баса белгиленип, Биздин өлкө туш болгон көп кырдуу жана оор террордук коркунучтарга карабастан, демократиянын, адам укуктарынын жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптерине берилгендигин сактап жатат»,делди.

Билдирүүдө Түркиянын өзүн-өзү коргоо укугунун негизинде жүргүзгөн террорго каршы операцияларынын, «толугу менен террордук элементтерге жана алардын террордук кыймылдарда колдонгон мүмкүнчүлүктөрүнө каршы багытталганы» баса белгиленип, «терроризмдин бардык түрүнө каршы өзүнүн укуктуу жана мыйзамдуу күрөшүнүн масштабын жакшы билген өнөктөш катары АКШнын фактыларды бурмалаган негизсиз дооматтар менен өжөрдөнүп жатканын түшүнүү мүмкүн эмес»,-деп айтылды.

Билдирүүдө, «Биз Америка Кошмо Штаттарын адам укуктары боюнча өзүнүн тажрыйбасына көңүл бурууга жана террордук уюмдар менен өнөктөштүгүн жана адам укуктары боюнча кош стандарттуу саясатын токтотууга чакырыгыбызды дагы бир жолу кайталайбыз»,деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар