Анзак булуңунда таңкы сыйынуу

Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.

2131913
Анзак булуңунда таңкы сыйынуу

Чанаккале кургактык согуштарынын 109-жылдык эскерүү аземдеринин алкагында Гелиболу жарым аралындагы Анзак булуңунда салттуу «Таңкы сыйынуу» өткөрүлдү.

Австралия жана Жаңы Зеландиядан Түркияга келген миңдеген киши азем аянтында таң атырды.

Аземдин алдында орнотулган чоң экранда Гелиболу согуштары тууралуу даректүү тасмалар, фильмдер жана маектер көрүлдү.

Анзак булуңундагы «Таңкы сыйынуу» жыл сайын болгон сыяктуу саат 04.45те (Түркияда) башталды.

Австралиянын вице-премьер-министри жана коргоо министри Ричард Марлес жана Жаңы Зеландиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Уинстон Петерс сөз сүйлөп, күндүн маанисин жана маанилүүлүгүн айтышты.

Ричард Марлес жыл сайын Анзак аземдерин өткөргөндүгү үчүн Түркияга ыраазычылык билдирип: «109 жыл мурун бүгүн, ушул убакта, Анзак руху ушул жерде төрөлгөн»,-деди.

Марлес Чанаккаледе болжол менен 9 миң австралиялык каза болгонун жана алардын он миңдегени Биринчи дүйнөлүк согуштун түрдүү фронтторунда каза болгонун эске салып, жоготуулардын муундан-муунга өткөн «жараат» экенин жана өмүрлөрүнөн ажырагандарды унутпай тургандарын баса белгиледи.

Жаңы Зеландиянын вице-премьер-министри Петерс да 100 жыл мурда бири-бирине душман болгон мамлекеттердин бүгүн дос экенине көңүл бурду.

Чанаккале кургактык согуштарында өз өлкөсүнөн көптөгөн жаш аскердин каза болгонуна көңүл бурган Петерс : «Кагылышуулардын күчүн азайтуу жана чыңалууну басаңдатуу үчүн дипломатияга эч качан мынчалык муктаждык болгон эмес»,-деп айтып, бүткүл адамзат жана өлкөлөр биригип, тынчтыкты сактоосу керектигин түшүндүрдү.

Вице-премьер Питерс: «Биз ар дайым тынчтык жолун издешибиз керек»,- деп айтып, Чанаккаледе каза болгон аскерлердин акысы ушундай жол менен гана төлөнүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Anzac - Австралия жана Жаңы Зеландия армиясы корпусу деген сөздөрдүн биринчи тамгаларынын аббревиатурасы.

Анзак күнү австралиялык жана жаңы зеландиялык аскерлердин 1915-жылдын 25-апрелинде Гелиболуга чыгуусунун жылдыгы катары белгиленет.



Тектеш кабарлар