Түркияга таандык аскердик кеме Могадишого барды

Түркиянын коргоо министрлигине таандык кемени тосуп алуу аземине Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд, сомалилик министрлер жана Түркиянын Могадишодогу элчиси Алпер Акташ катышты.

2131464
Түркияга таандык аскердик кеме Могадишого барды
somali hasan seyh mahmud.jpg
turkiye somali gemi.jpg

Сомали жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосунда  коргонуу жана экономика тармактарында кол коюлган келишимдин негизинде Түркияга таандык аскердик кеме борбор шаар Могадишого барды.

Түркиянын коргоо министрлигине таандык кемени тосуп алуу аземине Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд, сомалилик министрлер жана Түркиянын Могадишодогу элчиси Алпер Акташ катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Могадишонун президенти Махмуд : «Түркиядагы боордошторубуздун өкмөтү бизге көптөгөн жолу жардам берди, биз тааныган өлкө жана адамдардын арасында орун алууда. Өлкөбүз жана жерибиздин бүтүндүгүнүн коргоого алынышы үчүн бул маанилүү келишим жана кызматташууга  ишене ала турган дос жана боордош өлкө»,- деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоганга ыракмат айткан Махмуд, бул келишимдин аркасында Сомалинин деңиз флоту кайрадан күчтөнүп, өз алдынча деңиздерин коргоо мүмкүнчүлүгүнө жете тургандарын белгиледи.

Түркия менен Сомалинин ортосунда кол коюлган келишимдин эки боордош өлкөнүн ортосундагы бекем байланыштын көрсөткүчү экенин белгилеген элчи Акташ Түркиянын Сомалинин эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн коргоонун алкагында чечкиндүүлүк менен колдоосун уланта тургандыгын айтты.

Акташ : «Сомалинин коопсуздугу Түркиянын да коопсуздугу. Сомалинин туруктуулугун эч качан өз өлкөбүздүн туруктуулугунан бөлүп ойлогон жокпуз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар