Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти тарабынан жарыяланган «2023 Адам укуктары боюнча отчетуна» көңүл бурбагандыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

2131706
Түркия  АКШга каршылык көрсөттү

Түркия Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти тарабынан жарыяланган «2023 Адам укуктары боюнча отчетуна» көңүл бурбагандыгын дагы бир жолу баса белгиледи. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "АКШ Мамлекеттик департаменти 2024-жылдын 22-апрелинде жарыялаган "Адам укуктары боюнча 2023-жылдагы отчетунда" өткөн жылдардагыдай негизсиз айыптоолор, чындыкка коошпогон маалыматтар жана өлкөбүзгө карата бейкалыс комментарийлер камтылган. Бул жылы да  булагы белгисиз ырастоолор менен террордук уюмдар менен байланышы бар чөйрөлөрдүн  айтууларынын негизинде даярдалган бул отчетко көңүл бурбагандыгыбызды дагы бир жолу баса белгилейбиз",- деп айтылды. 

Түркиянын террор менен күрөшүү операцияларын мыйзамдуу түрдө коргоо укугунун негизинде жүргүзгөндүгү баса белгиленип : "АКШнын чындыктарды бурмалаган  дооматтарын түшүнүү мүмкүн эмес. Өзгөчө отчетто Газада уланып жаткан жана бүткүл адамзаттын жалпы баалуулуктарына чоң сокку урган адамкерчиликсиз кол салууларга орун берилбешинен тынчсыздануудабыз",- деп айтылды. 



Тектеш кабарлар