Түркия 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу билдирүүлөргө каршылык көрсөттү

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

2131612
Түркия 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу билдирүүлөргө каршылык көрсөттү

Түркия 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу бир жактуу билдирүүлөргө реакция кылды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

«Кээ бир радикалдуу чөйрөлөргө жагуу максатында 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу айтылган бир жактуу билдирүүлөрдү четке кагабыз» делген билдирүүдө, тарыхый чындыктарды бурмалаган бул билдирүүлөрдүн эл аралык укукка да туура келбегени баса белгиленди.

Билдирүүдө Адам укуктары боюнча Европа сотунун, 1915-жылдагы окуялардын мыйзамдуу талаш-тартыш темасы экени жөнүндө ачык чечим чыгарганы маалымдалды.

Тарыхка карата калыс эмес жана бир жактуу билдирүүлөр эки коомчулуктун (түрк жана армян) ортосундагы жарашуу аракеттерине зыян гана келтирбестен, жек көрүүчүлүк кылмыштарын жасоого ыктаган радикал топторду да шыктандырары кабарланган билдирүүдө: «Бардык тараптарды Биргелешкен тарых комиссиясын түзүү сунушубузду жана Армения менен башталган нормалдаштыруу процессин колдоого чакырабыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар