Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.
2131699
Ирактын түндүгүндө жана Сириянын түндүгүндө жалпы 10 ПКК террористи жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирактын түндүгүндөгү террористтердин уюктарын жок кылууну улантууда. Хакурк аймагына жүргүзүлгөн аба операциясы менен ПККга мүчө 6 террорист таасирсиз кылынды. Террорго каршы күрөшүүбүз эффективдүү жана чечкиндүү түрдө уланат»,-деп айтылды.
Сириянын түндүгүндө да Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Евфрат калканы» операциясын жүргүзгөн аймакта ок чыгарган 4 ПКК/ЙПГ террористи таасирсиз кылынды.