Министр Мехмет Кажырдын Париждеги жолугушуулары уланууда

Мехмет Кажыр Хорватиянын илим жана билим берүү министри Радован Фукс, Германиянын билим берүү жана илим министри Беттина Старк-Ватцингер жана OECD башкы катчысы Матиас Корман менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

2131593
Министр Мехмет Кажырдын Париждеги жолугушуулары уланууда

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун (OECD) Илим жана технология саясаттарынын министрлеринин жыйыны үчүн барган Франциянын борбор шаары Париждеги жолугушууларын улантууда.

Министр Кажыр Хорватиянын илим жана билим берүү министри Радован Фукс, Германиянын билим берүү жана илим министри Беттина Старк-Ватцингер жана OECD башкы катчысы Матиас Корманн менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү жана «Өткөөл мезгилдердеги илим, технология жана инновация саясаты» аттуу ачылыш сессиясына катышты. 

Кажыр жолугушууга байланыштуу социалдык медиа эсебиндеги  билдирүүсүндө : "ОЕСДнын билим жана технологиялар саясаттары министрлеринин жыйынында ОЕСДнын баш катчысы урматтуу Матиас Корманн менен жолугуштук.  Урматтуу Корманн Түркиянын ОЕСДнын ишине кошкон салымынан мактоо менен сөз кылды. Түркия катары кызматташуубузду тереңдетүү менен чечкиндүү экендигибизди билдирдик. Адилеттүү дүйнө үчүн Түркиябыздын баалуулуктарын  бөлүшүүнү улантабыз",- деди. 

Министр Кажыр жолугушууларын бүгүн да улантат.

 



Тектеш кабарлар