Европа Биримдиги түрк дөнерин каттоого даярданууда

Түрк ашканасы дегенде  эске келген биринчи даамдардан дөнер «салттуу продукт аты» деп катталуусу үчүн Түркия тарабынан Европа Биримдигине жаслаган кайрылуунун жарыясы Европа Биримдигинин Расмий гезитинде жарыяланды.

2131694
Европа Биримдиги түрк дөнерин каттоого даярданууда

Түрк ашканасы дегенде  эске келген биринчи даамдардан дөнер «салттуу продукт аты» деп катталуусу үчүн Түркия тарабынан Европа Биримдигине жасалган кайрылуунун билдирүүсү Европа Биримдигинин Расмий гезитинде жарыяланды. 

Билдирүүдө  дөнердин уйдун, койдун же тооктун этинин жука жана жалпак түрүндө кесилип шишке тизилип, тик түрүндө өз огунда айлануу менен отто бышырылгандыгы билдирилди. 

Дөнердин 1800 -  жылдардын башынан тарта Стамбулдан Осмон империясы аймагынын түрдүү шаарларына жайылгандыгы белгиленген жарыяда дөнердин 1962 -  жылдан  1979 -  жылга чейин түрктөрдүн Европага жана өзгөчө да Германияга көчүүсүнүн маданий символу болгондугу, дөнердин аты жана өндүрүү процесси өзгөрбөстөн Германия жана башка Европа өлкөлөрүнө жайылгандыгы белгиленди. 

Дөнердин Европада эң популярдуу көчө тамактарынын бири болгондугу белгиленген билдирүүдө дөнердин айлануу сөзүнөн келгендиги жана тамактын атынын салттуу бышыруу техникасы тууралуу экендиги билдирилди. 

Билдирүүнүн Европа Биримдигинин Расмий гезитинде жарыяланышы менен дөнердин Европа Биримдиги тарабынан "Салттуу продукт аты" катталуу процессинин биринчи кадамы ташталган болду. 

Дөнер 3 айлык нааразычылык билдирүү процесси толгондон кийин катталат жана Түркиядан Европа Биримдигинде  катталган биринчи "салттуу продукт аты" болот. 

 



Тектеш кабарлар