Германиянын президенти Түркия менен карым - катнаштар тууралуу билдирди

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Германиянын дүйнөнүн эч бир өлкөсү менен Түркия менен болгондой достук мамилесинин жок экенин айтты.

2131715

Штайнмайер борбор шаар Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Германиянын президенти эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге токтолуп : "Эки өлкө катары бири бирибизге  муктажбыз",- деди. 

Штайнмайер : «Германиянын дүйнөнүн эч бир өлкөсү менен (Түркия менен болгондой)  күчтүү достук жана үй - бүлөлүк карым-катнаштары жок, 100 жылдык карым-катнашыбыздын ийгиликтүү жана келечекке багытталышын каалаймын»,-деди. 

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына токтолгон Штайнмайер Газадагы гуманитардык абалдын жакшыртылышы керектигин белгилеп : "Согуштун аймакка жайылышына тоскоол болушубуз керек. Палестиналыктардын саясий көз карашы болбостон орто жана узак мөөнөттүү келечекте Израиль үчүн коопсуздуктун камсыздалышы мүмкүн эмес. Ошондуктан бир гана чечим эки мамлекеттүү чечим",- деди. 

Тектеш кабарлар