Эрдогандан 1915 - жылдагы окуялар тууралуу билдирүү

Президент Эрдоган  1915 – жылдагы окуяларга байланыштуу Түркия армяндарынын патриархы  Сахак Машалянга кайрылуу жөнөттү.

2131583
Эрдогандан  1915 - жылдагы окуялар тууралуу билдирүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган бир дагы армян жаранынын четтетилишине, өз мекенинде экинчи класстагы жаран катары сезүүсүнө  уруксат бербегендерин белгиледи.

Президент Эрдоган  1915 – жылдагы окуяларга байланыштуу Түркия армяндарынын патриархы  Сахак Машалянга кайрылуу жөнөттү.

Биринчи Дүйнөлүк согушунун кыйын шарттарында каза болгон осмондук армяндарына көңүл айтуу тилегин билдирген Эрдоган бул согуштун Осмон империясынын жерлеринде жол ачкан  кыйратуунун терең из калтыргандыгына басым жасады.

Анадолу жерлеринде жараткан маданий жана адамдык чыгармалары менен Анадолуну байыткан армян жарандардын  коопсуздугу, бейпилдиги жана бактылуугунун бүгүн да кепилдик астында экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Бир дагы армян жараныбыздын  четтетилишине, өз мекенинде экинчи класстагы жаранкатары сезишине уруксат бербейбиз»,- деди.

Президент : «Дүйнөдө болуп жаткан зомбулук жана согуштар келечектеги муундарды коргоонун жолу бирдикте тарткан кыйынчылыктарыбыздан чыгара турган сабактардын жардамы менен келечегибизди бирдикте куруудан өтөрүнө ишенебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар