Эрдоган: «Израиль менен тыгыз соода мамилелерди токтоттук»

Президент Эрдоган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен борбор шаар Анкарада биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2131689
Эрдоган: «Израиль менен тыгыз соода мамилелерди токтоттук»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израиль менен тыгыз соода мамилелерин токтоткондорун айтты.

Президент Эрдоган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен борбор шаар Анкарада биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Германия менен коопсуздуктан экономикага, маданияттан илимге чейин ар тармакта тыгыз карым-катнаштарга ээ экендиктерин айтты.

Коргоо өнөр жайында туш болгон чектөөлөрдү күн тартибинен толугу менен алып салууну каалагандарын баса белгилеген Эрдоган: «Түркия менен Германиянын мындан ары тоскоолдуктарды эмес, өзгөчө коргонуу тармагындагы биргелешкен өндүрүш долбоорлорун сүйлөшөөрүн үмүт кылабыз»,-деди.

Жолугушууларда немис-түрк коомчулугуна тиешелүү маселелерди да сүйлөшкөндөрүн белгилеген Эрдоган, кош жарандуулукту мүмкүн кылган жаңы немис жарандык мыйзамын маанилүү кадам катары көргөндөрүн билдирди.

Эрдоган Европа менен катар Германияда да чет элдиктерге каршылык, исламофобиялык, ашынган оңчул жана расисттик уюмдарга байланыштуу тынчсыздануулардын барган сайын күчөгөнүн айтты.

Эрдоган айрыкча Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана ПКК менен күрөшүүдө немис бийликтеринен дагы көп колдоо жана тилектештик күткөндөрүн баса белгиледи.

Жолугушууларда Израилдин Газадагы кыргындарын да сүйлөшкөндөрүн маалымдаган Эрдоган: «Түркия катары бул маселеде биринчи күндөн тарта чечкиндүү, абийирдүү жана кайраттуу позицияны кармандык. Буюрса мындан ары да ок атышпоону камсыз кылуу жана Палестина элине үзгүлтүксүз жана жетиштүү гуманитардык жардам жеткирүү үчүн аракеттерибизди арттырабыз»,-деди.

Түркиянын Израиль менен карым-катнаштарына да токтолгон Эрдоган: «Биз эми Израиль менен тыгыз соода алакасын жүргүзбөйбүз, бул иш бүттү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар