Эрбаш Ислам өлкөлөрүнө чакырык салды

Эрбаш Сауд Арабиянын баш калаасы Эр-Риядда 50дөн ашуун мусулман өлкөдөн илимпоздор чогулган жыйынга катышты.

2131657
Эрбаш Ислам өлкөлөрүнө чакырык салды

Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш мусулман өлкөлөрдү, жапа чеккен аймактардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн көбүрөөк аракет кылууга чакырды.

Эрбаш Сауд Арабиянын баш калаасы Эр-Риядда 50дөн ашуун мусулман өлкөдөн илимпоздор чогулган жыйынга катышты.

Жыйында Ислам Үммөтүнүн биримдиги, Палестина жана Газадагы зулум, диний баалуулуктарды сыйлоо, Исламофобия жана Ислам душмандыгына каршы биргелешип аракет кылуу сыяктуу темалар талкууланды.

Эрбаш жыйында сүйлөгөн сөзүндө чагымчылык, келишпестик жана башаламандыкка себеп болгон мамилелерден, элден алыстатуучу, күнөлөөчү жана акарат кылуучу жүрүм-турумдардан алыс болуу керектигин түшүндүрдү.

Мусулмандардын биримдиги жана ынтымагынын маанисине басым жасаган Эрбаш: «Мусулман мамлекеттер эзилген жана жапа чеккен аймактардын, өзгөчө Палестина жана Газадагы боордошторубуздун көйгөйлөрүн чечүү үчүн көбүрөөк аракет кылышы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар