Антальядагы Караван парк 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту кабыл алды

Коньяалты районунда ачылган парк, караван менен эс алууну каалагандардын сүймөнчүлүгүнө айланды.

2131575
Антальядагы Караван парк 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту кабыл алды

Антальядагы Караван парк 9 айда 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту кабыл алды.

Шаардык муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, Коньяалты районунда ачылган парк, караван менен эс алууну каалагандардын сүймөнчүлүгүнө айланды.

Коньяалты жээгинде 4 миң 144 чарчы метр аянтка жана 55 караван сыйымдуулукка ээ болгон парк ачылган күндөн бери 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту тосуп алды.

Эс алуучулар электр энергиясы, инфраструктура, даараткана, душ, кир жуугуч, суу канализациясы жана ашкана сыяктуу жайлар сунушталган паркта коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда эс алышууда.

Караван паркка кызыгуу арткан сайын Анталья мэриясы Муратпаша районунун Лара аймагында жаңы караван паркын ачууну пландоодо.



Тектеш кабарлар