Түркия менен АКШнын террор менен күрөшүү боюнча кеңешүү жыйыны өткөрүлдү

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Террор менен күрөшүү координатору элчи Элизабет Ричарддын Түркияга сапарынан жана жылуу пикир алмашуусуна ыраазычылык билдирилди.

2130967
Түркия  менен АКШнын террор менен күрөшүү боюнча кеңешүү жыйыны өткөрүлдү

Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын  ортосунда терроризмге каршы кеңешүү жыйыны өткөрүлдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда март айында АКШнын борбор шаары Вашингтондо өткөрүлгөн Түркия - АКШ стратегиялык механизминде жетишилген келишимге ылайык эки өлкөнүн ортосундагы террор менен күрөшүү боюнча кеңеш тышкы иштер министрликтеринин  жетекчилигинде   22 -  апрелде  борбор шаар Анкарада өттү.  

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Террор менен күрөшүү координатору элчи Элизабет Ричарддын Түркияга сапарынан жана жылуу пикир алмашуусуна ыраазычылык билдирилди. 

Тышкы иштер министрлигинде Түркия жана АКШнын тийиштүү мекемелеринин катышуусу менен өткөн жыйында  ПКК/ЙПГ/ПЙД, DHKP/C, ДЕАШ жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) баш болгон улуттук коопсуздукка байланыштуу көптөгөн темалар каралды.

Түркиянын террор менен күрөшүүдө чоң тажрыйбага ээ жана бул күрөшүүнү чечкиндүүлүк менен уланткан бир өлкө катары союздаштары жана террор менен күрөшүүдө чечкиндүү бардык өлкөлөр менен кызматташууну уланта тургандыгы билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар