Түркия - Греция жыйыны

Кийинки жыйындын түрк тарабында өткөрүлөрү билдирилди.

2130949
Түркия  -  Греция жыйыны

Түркия менен Грециянын ортосунда Ишенимди бекемдөө чаралары жыйыны өткөрүлдү.

Улуттук коопсуздук министрлигинен берилген маалыматка караганда Греция Республикасынын Улуттук коргоо министрлигинин жетекчилигинде борбор шаар Афинада Түркия менен Греция делегацияларынын ортосунда жаңы Ишенимди бекемдөө чаралары жыйыны өткөрүлдү.

Элчилер жана жогорку мартабалуу аскердик жетекчилер катышкан жыйында тараптар  2024 -  жылы буга чейин келишилген ишенимди бекемдөөчү чараларга кайрадан токтолуп,  2025 -  жылы ишке ашыруу планы каралды. 

"Жыйын жакшы атмосферада өттү",- деп айтылган билдирүүдө кийинки жыйындын түрк тарабында өткөрүлөрү билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар