Түрк элчи Британияда "жылдын дипломаты" болуп тандалды

Түркиянын Лондондогу элчиси Осман Корай Эрташ Британияда  чыккан «Дипломат» журналы тарабынан жыл сайын берилүүчү «Евразия жана Балкан аймагынан жылдын дипломаты» сыйлыгына татыктуу деп табылды.

2131120

Журнал 14 - жолу өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземинин алкагында  Лондондо кызмат кылган  чет элдик дипломаттарга 10 аймактык жана  тематикалык категорияда  сыйлыктар берилди.

Британия парламентинин общиналар палатасынын спикери Линдси Хойлдун катышуусунда өткөн сыйлык тапшыруу аземин британиялык BBC телерадио уюмунун улук кабарчысы Адам Флеминг алып барды.

Аземде Түркиянын Лондондогу элчиси Эрташ «Евразия жана Балкан аймагынан жылдын дипломаты» сыйлыгына ылайык деп  табылды.

Элчи Эрташ сыйлык  алгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө Түркияны Лондондо өкүлдүк кылуу чоң жоопкерчилик жана сыймык экенин белгилеп, элчилик менен башкы консулдуктун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар