Президент Эрдогандын Ирак Күрт аймактык башкаруусундагы жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирактын Эрбил шаарында Ирак Күрт аймагынын башкаруучусу Нечирван Барзани, премьер   премьер - министри Масрур Барзани жана делегациясы менен жолугушту.

2130887
Президент Эрдогандын Ирак Күрт аймактык  башкаруусундагы жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирактын Эрбил шаарында Ирак Күрт аймагынын башкаруучусу Нечирван Барзани,  премьер - министри Масрур Барзани жана делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда аймактык жана глобалдык маселелер, терроризм менен күрөшүү талкууланды.

Президент Эрдоган жолугушууда Ирактын күн сайын зомбулуктан алыстагандыгын көрүүнүн кубандыруучу экендигин белгилеп, террордук уюм ПКК маселесин эми күн тартибинен чыгаруунун убактысы келгендигин айтты. 

Ушунун алкагында Эрдоган Түркиянын террор менен күрөшүүдө биримдикке маани бергенин жана аны кийинки баскычка алып чыгууда чечкиндүү экендигин белгиледи.

Президент Эрдоган Ирак менен абдан кеңири укуктук тексттерге кол коюлганын жана бул кызматташтык перспективасынын Ирак Күрт аймактык башкаруусун  да камтыганын айтты.

Борбор шаар Багдадда кол коюлган  меморандум менен дүйнөгө жарыяланган «Өнүгүү жолунун» бүткүл Ирактын жыргалчылыгына жана тынчтыгына кызмат кылаарын баса белгилеген президент, Багдад жана Эрбил башкарууларынын үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнө жол бербестен бекем диалог жана иш алып баруу карым  - катнашын түзүшү керектигин айтты.

Түркиянын Ирак Күрт аймактык башкаруусу менен соода карым  - катнаштарын алдыга жылдырууну айткан Эрдоган Овакөй  -  Фишабур чек ара капкасынын кыска убакытта ачылышы, Дережик  -  Зети чек ара капкасынан унааларды өткөрө баштоонун маанилүү экендигин белгиледи.

Президент Эрдоган аймактагы түркмөндөрдүн укуктарынын жана кызыкчылыктарынын, өзгөчө саясий өкүлчүлүктүн корголушуна ишенгенин билдирди.

Ирак Күрт аймактык башкаруусунун премьер  - министрлигинен да президент Эрдогандын жолугушууларына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берилди. 

Ирак Күрт аймагынын башкаруучусу Барзани жана премьер  - министри Месрур Барзанинин президент Эрдоган менен жолугушууларында Түркия менен бардык тармактарда карым  - катнаштарды өнүктүрүүнү каалагандарын айтышкандарын жана кыйын учурларда  Ирак Күрт аймактык башкаруусуна берилген жардамдар менен кызматташуулардан улам ыраазычылык билдиргендери белгиленди. 

Президент Эрдоган Ирактагы жолугушууларын аяктап борбор Анкарага кайтып келди. 

 



Тектеш кабарлар