Эрдоган : " ПККнын жок кылынышы Ирактын да кызыкчылыгы үчүн пайдалуу"

Президент Эрдоган Ирак сапарынан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2131026
Эрдоган : " ПККнын жок кылынышы  Ирактын да кызыкчылыгы үчүн пайдалуу"

Президент Режеп Таййип Эрдоган ПКК жикчил террордук уюмунун жок кылынышы Ирактын да кызыкчылыгына болорун айтты. 

Президент Эрдоган Ирак сапарынан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Кечээ Иракка жасаган сапарында акыркы мезгилде күч алган эки тараптуу карым - катнаштарды сүйлөшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган, айрыкча террор менен күрөшүү, соода, транспорт, энергетика жана климаттын таасирлери сыяктуу тармактарда таштай турган кадамдарга баа бергендерин айтты. 

Ирактын кыска убакыт мурда ПКК террордук уюмун тыюу салынган уюм деп жарыялагандыгын эске салган Эрдоган : "Өлкөбүздүн бул абалга ыраазы экендигин билдирдик",- деди. 

Террор менен күрөштү Ирак менен бирге жүргүзүүнү каалагандарын баса белгилеген Эрдоган : «ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюму Ирактын ырааттуулугуна, өнүгүүсүнө жана тынчтыгына коркунуч келтирүүдө. Бул коркунучту жок кылуу Ирактын да кызыкчылыгы үчүн пайдалуу  болот. Алардын бул чындыкты көргөндүгүнө,  эми бул маселени жок кылуу  үчүн өз эрктерин көрсөтөт деп ишенем. Ирактын өнүгүү көз карашы жана эл аралык инвестициялардын коопсуздугу үчүн бул террордук чуңкурларды тегиздөө жана Ирактын болжолдуу келечегин куруу зарыл", - деди.

Террор менен күрөшө тургандарын баса белгилеген президент : "Бул темада чечкиндүүбүз. Террор менен жана террордук уюмдар менен бирдикте жол жүргөндөргө, террордук уюмдарды колдонгондорго жол бербейбиз".- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар