Эрдоган эртең немис кесиптешин тосуп алат

13 жылдан кийин Иракка расмий сапар менен барган президент  Режеп Таййип Эрдоган дипломатиялык жолугушууларын Анкарада улантат.

2131097
Эрдоган эртең немис кесиптешин тосуп алат

13 жылдан кийин Иракка расмий сапар менен барган президент  Режеп Таййип Эрдоган дипломатиялык жолугушууларын Анкарада улантат. 

Эрдоган Германиянын президенти Франк Штайнмайерди  президенттик комплексте коноктойт.

Президент Эрдоган немис кесиптешин Бештпеде расмий азем менен тосуп алат. 

Аземден кийин эки лидер жекеме  - жеке сүйлөшүү өткөрүшөт.

Түркия менен Германиянын ортосундагы учурдагы карым  - катнаштарды бардык тармакта жакшыртуу үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар каралат. 

Эрдогандын Израилдин Газадагы кыргындарынан да сөз кылышы күтүлүүдө.

Президент Эрдоган тез арада ок атышпоо жана палестиналыктарга гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши үчүн Түркиянын чечүүчү сунушун Штайнмайерге билдирет.

Президент Германия баш болгон кээ бир батыштык өлкөлөрдүн  Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху башкаруусуна колдоосу кризисти тереңдете турганын белгилейт. 

 

 

 



Тектеш кабарлар