Бүгүн 23 - Апрель балдар майрамы

Түркия Улуу Улуттук Паоламентинин ачылышы жана улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрк балдарга белек кылган 23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы.

2130920
Бүгүн  23 -  Апрель балдар майрамы

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин ачылышы жана улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрк балдарга белек кылган 23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы. 

Түркия Республикасынын негизделишиндеги эң чоң кадам мындан  104 жыл мурда ташталды.

Улуу Улуттук Парламент чогулду. Анадолу согуштарынан жаңы чыгып, чарчап  - чаалыккан эле.

Парламенттин ачылышы менен эл Мустафа Кемал Ататүрктүн жол башчылыгында өз тагдырын өзү белгилөө үчүн кадам таштады. Эми бийлик эч шартсыз улутка таандык. 

23 -  арпель  бир кылымдан ашуун убакыттан бери майрам катары белгиленүүдө.

Ататүрк башынан бери боштондукту парламент жана улуттук эрк менен ишке ашырууну каалап жаткан. Ар бир аракетинде улуттун өкүлү боло турган эркке жетүүнү максат кылып  жана : "Бүткүл дүйнө бул улуттун башында эч бир бийликтин жок экендигин  билиши керек, бир гана күч бар ал да улуттун эгемендүүлүгү",- деди. 

Парламент  1920 -  жылы 23 -  апрелде Анкарада жума намазынан кийин элдин дубалары менен ачылды. 

Парламент биринчи күнү  115 өкүл менен чогулду. Ачылуу сөзүн парламенттин эң картаң мүчөсү Синоп депутаты Шериф Бей сүйлөдү.

Гази Мустафа Кемал бир добуштан парламенттин төрагасы болуп шайланды. Анкарада жаңы бир мамлекеттин пайдубалы түптөлдү. Бардык кыйынчылыктарга карабастан көз карандысыздык үчүн күрөштө улуттук эрк жеңип чыкты.

1921-жылы 23 - Апрель Улуттук майрам катары белгилене баштады. 

Улуу жол башчы Ататүрк бул майрамды 1929 - жылы 23 - апрелде балдарга белек кылды.

Ататүрктүн  23 -  апрелди балдарга белек кылышынын себеби бир гана аларга болгон сүйүүсү  эле эмес. Гази Мустафа Кемал балдарды улуттук эгемендиктин негизи катары көргөн.

Жетим балдарга камкордук көрүү республиканы түптөөчүлөрдүн эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болгон.

Майрамды балдарга арноо адамзаттын алардын алдындагы жоопкерчилигин чагылдырган.
23 - апрель дүйнө жүзүндөгү балдар үчүн тынчтыкты  аты эле.

Ататүрктүн балдарга берген белеги дүйнө жүзүнөн да абдан чоң кызыгуу көрдү.  Балдардын укуктары жана келечеги үчүн үлгү бир чечим катары тарыхка өттү. 

 



Тектеш кабарлар