23 - Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы өлкө тышында да майрамдалды
23 - Апрель улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) бардык шаарларында майрамдалууда.
23 - Апрель улуттук эгемендүүлүк жана балдар майрамы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) бардык шаарларында майрамдалууда.
Майрамдык иш-чаранын алкагында борбор шаар Лефкошада Ататүрктүн эстелигинин алдында азем өткөрүлдү.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар Ааемде сүйлөгөн сөзүндө улуттук эгемендүүлүктүн маанисине токтолуп: «Эгемендүүлүк бул жерлерде өз күбөлүгүбүз, баалуулуктарыбыз, улуттук жана руханий сезимдерибиз менен мындан ары да бар болушубуздун бир гана кепилдиги»,-деди.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Фамагуста, Кирения, Гүзелюрт, Искеле жана Лефке шаарларында 23 - Апрель улуттук эгемендүүлүк жана балдар майрамынан улам аземдер өткөрүлдү.
Кыргызстанда 23 - Апрель улуттук эгемендүүлүк жана балдар майрамы иш-чаралар менен белгиленди.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектеги Ататүрк паркындагы Мустафа Кемал Ататүрк эстелигинин алдында расмий салтанат өткөрдү.
Салтанатка элчиликтин кызматкерлери, Бишкектеги мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, университеттин жамааты, окутуучулар, ишкерлер, Ахыска түрктөрү жана түрк жарандары катышты.