Стамбул аэропортторунда жүргүнчү рекорду

Жылдын биринчи чейрегинде Стамбул жана Сабиха Гөкчен аэропортторунан 27 миллиондон ашуун жүргүнчү саякаттады.

2130779
Стамбул аэропортторунда жүргүнчү рекорду

Стамбулдагы аэропорттор жаңы рекорд койду.

Жылдын биринчи чейрегинде Стамбул жана Сабиха Гөкчен аэропортторунан 27 миллиондон ашуун жүргүнчү саякаттады.

Январь-март мезгилинде Стамбулдагы аэропортторду колдонгон жүргүнчүлөрдүн саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13 пайызга өстү.

Стамбулдагы аэропорттордон 27 миллион 104 миң 54 жүргүнчү саякатка чыкты.

Стамбул аэропорту быйылкы жылдын 3 айында жалпысынан 17 миллион 671 миң 971 жүргүнчүнү кабыл алды.

Сабиха Гөкчен аэропортунан 9 миллион 432 миң 83 жүргүнчү учту.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде Стамбулдагы аэропорттордогу жүргүнчүлөрдүн саны менен катар каттамдардын саны да өстү.

Жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшү авиакомпаниялардын кирешесине да оң таасирин тийгизди.

Туристтик сезондун келиши менен келерки айларда да өсүштүн уланаары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар