Штайнмайер Түркияга келди

Президент Штайнмайердин 24-апрелде Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган менен саясий жолугушууларды өткөрүшү пландалууда.

2130376
Штайнмайер Түркияга келди

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер бүгүн Түркияга алгачкы сапарын ишке ашырууда.

Штайнмайер эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын башталышынын 100 жылдыгынан улам Түркияга жасай турган үч күндүк сапарынын биринчи аялдамасы Стамбулга келди.

Штайнмайердин Стамбул, Газиантеп жана Анкараны камтый турган эки күндүк сапарында ар түрдүү жолугушууларды өткөрүп, немис фирмаларынын өкүлдөрү менен эки өлкөнүн экономикалык карым-катнаштарын талкуулоосу көздөлүп жатат.

Президент Штайнмайердин 24-апрелде да Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган менен саясий жолугушууларды өткөрүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар