Нуман Куртулмуш дүйнө балдарын кабыл алды

Парламенттин төрагасы, Израилдин зулуму астындагы газалык балдардын башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды түшүндүрдү.

2130813
Нуман Куртулмуш дүйнө балдарын кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш 23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам дүйнө балдарын кабыл алды.

Парламенттин төрагасы, Израилдин зулуму астындагы газалык балдардын башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды түшүндүрдү.   

«Ачык көрүстөнгө айланган Газадагы палестиналык балдардын алсыз денелеринин үстүндө тилекке каршы адамзаттын эң оор жүгү ташылууда» деген Нуман Куртулмуш, жамандык канчалык күчтүү болсо да жакшылыктын ар дайым жамандыктан алда канча күчтүү экенин баса белгиледи.  

Парламенттин төрагасы Куртулмуш: «Учурда Палестинада жашоодон ажыратылган ар бир бала менен бирге биз да өлүп, адамзат да өлүп жатат. Бирок зулумчулар да ар бир палестиналык баланын үшкүрүгүнөн титирөөдө. Басмачылардын күчүнө карабастан адамзат балдар үчүн жаңы келечекти куруу үмүтү менен алдыга кадам таштоодо»,-деп айтты.

Парламентте “23-апрель Улуттук эгемендик” темасындагы сынактардын сыйлык тапшыруу аземи да өттү.

Сүрөт, спорт жана илим тармактарында эмгектери менен даражага ээ болгон балдар сыйлыктарын алышты.



Тектеш кабарлар