Израилдин министринин билдирүүсүнө Түркиянын жообу

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели Израиль министринин X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүнө жооп берди.

2130230
Израилдин министринин билдирүүсүнө Түркиянын жообу

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, Израилдин тышкы иштер министринин социалдык медиадагы билдирүүсүнө байланыштуу: «Уялышы керек болгон, 35 миңге жакын палестиналыкты, көбү балдар жана аялдарды өлтүргөн Израилдин жетекчилери...»,- деди.

Кечели Израиль министринин X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүнө жооп берди.

«Уялышы керек болгон, 35 миңге жакын палестиналыкты, көбү балдар жана аялдарды өлтүргөн Израилдин жетекчилери...»,- деп айткан Кечели, Израилдин өкмөт мүчөлөрүнүн күн тартибин өзгөртүү аракетинен жыйынтык чыкпай турганын баса белгиледи.

Палестина мамлекетин куруу менен Газадагы кыргынды токтотуу жана аймакта туруктуу тынчтык орнотуу Түркиянын приоритеттүү күн тартиби экенин баса белгилеген Кечели, бул багытта иш алып барышарын жана Израилдин кылмыштары тууралуу фактыларды ортого сала тургандарын белгиледи.

Израилдин тышкы иштер министри Йизраэль Катц X социалдык медиа платформасында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийенин сүрөтүн бөлүшүп, кемсинткен жана жалаа жабуучу комментарийлерди жасаган.



Тектеш кабарлар