Эрдоган менен жолугушуудан кийин Хенийенин билдирүүлөрү

ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хенийе кечээ Стамбулда президент Эрдоган тарабынан кабыл алынган жолугушуудан кийин билдирүүлөрдү жасады.

2130331
Эрдоган менен жолугушуудан кийин Хенийенин билдирүүлөрү

ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хенийе: «(Президент Режеп Таййип) Эрдогандын Палестина маселеси боюнча билдирүүсү Палестинаны өздөрүнүн доосу катары көргөн жана Газадагы зулумга каршы турган түрк элинин абийирин чагылдырат»,-деди.

Хенийе кечээ Стамбулда президент Эрдоган тарабынан кабыл алынган жолугушуудан кийин билдирүүлөрдү жасады.

Хенийе Эрдогандын Палестина маселесине берген колдоосун мактап:«Президент Эрдогандын Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын парламенттик фракциясынын жыйынында Хамасты «Улуттук боштондук кыймылы» деп сыпаттоо жана аны Улуттук күчтөр менен салыштыруу билдирүүсү, албетте, биз жана Палестина калкы үчүн сыймыктануу булагы»,-деди.

Түркиянын аймактагы позициясын, аймактык жана эл аралык саясатын, Палестина маселеси жана Газага карата мамилесин жакындан байкап жатабыз»,-деп айткан Хенийе: «Түрк элинин Газа блокадасын жоюу үчүн «Мави Мармара» кемесинде шейиттерди кантип курмандыкка чалгандыгы дагы эле эсибизде»,- деди.

Эрдоган менен жолугушуусунда Израилге каршы соода чектөөлөрүнүн да сүйлөшүлгөнүн белгилеген Хенийе, бул чечимдин Месжид-и Акса баш болгон жана өзгөчө Кудуста мусулмандардын ыйык жерлерин көрмөксөнгө салган сионист душмандарга каршы ташталган маанилүү кадам экенин белгиледи.

Исмаил Хенийе президент Эрдоган менен түрк элинин Палестина маселесине карата интеллектуалдык, тарыхый жана саясий мамилесин мактап: «Биз Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунда Палестинанын картасын көтөрүп биздин жерлер кандайча басып алынганын түшүндүрүп (Израилдин мурунку президенттеринин бири) Шимон Перестке берген жообу дагы деле эсибизде»,-деп айтты.

Газанын башкаруусуна байланыштуу кээ бир альтернативалардын ортого коюлганын, бирок ийгиликтүү болушунун мүмкүн эмес экенин айткан Хенийе: «Газаны палестиналыктар башкарат. Хамас Газанын башкаруусунда жалгыз сөз болушун талап кылбайт, бирок биз Палестина элинин бир бөлүгүбүз жана шериктештиктин негизинде улуттук биримдик өкмөтүн куруп, Газаны башкаруу боюнча макулдаша алабыз. Булар улуттук маселе болуп эсептелет. Газада, Батыш Шериада же экөөнрдө тең Палестинадагы абалды жөнгө салууга баскынчыларга да же башка бирөөлөргө да уруксат бербейбиз»,-деп айтты.

Израилдин Рефах боюнча коркутуулары тууралуу Исмаил Хенийе: «Рефахка кирбөөнү эскертебиз, анткени ал Палестина элине карай чоң кыргынга алып келиши мүмкүн. Биз бардык боордош өлкөлөрдү, Египеттеги, Түркиядагы бир туугандарыбызды, Катардагы бир туугандарыбызды арачы катары жана Европа өлкөлөрүн  (Израиль) агрессиясын ооздуктоого жана Рефахка кирүүгө жол бербөө үчүн чара көрүүгө, ошондой эле (Израиль армиясын) Газа тилкесинен толук чыгарып кетүүгө жана Газага чабуулдарды токтотууга чакырам», - деп айтты.

Хамастын сүйлөшүүлөрдө ийкемдүүлүк көрсөткөнүн, ал эми Израилдин келишпестик менен мамиле кылганын белгилеген Хенийе, сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы жана ийгиликсиз болушуна бул келишпес мамиленин жооптуу экенин айтты.



Тектеш кабарлар