Эрдоган Египеттин тышкы иштер министри Шукрини кабыл алды

Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен билдирүү жарыяланды.

2130223
Эрдоган Египеттин тышкы иштер министри Шукрини кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри жана аны коштогон делегация менен кечээ Стамбул Долмабахче Эмгек кеңсесинде жолугушту.

Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен жарыяланган билдирүүгө караганда Түркия менен Египеттин ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу окуялар, глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

Израилдин Палестина калкына кол салуулары уланып жаткандыктан чыңалуу жана кагылышуулардын аймакка жайылып кетүү коркунучу бар экенин белгилеген Эрдоган, бүт аймактын кагылышуу чырмоогуна сүйрөлбөшү үчүн Израиль-Иран чыңалуусун азайтуунун маанилүү экенин жана бул үчүн ислам өлкөлөрүнүн биргелешип иштеши абдан маанилүү экенин айтты.

Аймакта туруктуу чечим үчүн акылдуу иш-аракет жана стратегиялык акылмандыктын колдонулушу өтө маанилүү экенин баса белгилеген президент Эрдоган, Израилдин Газадагы зулумдугун токтотуу үчүн эң оболу тез арада туруктуу ок атышпоо жана гуманитардык жардамдардын Газага үзгүлтүксүз ташылышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар