Эрдоган эртең Иракка барат

Сапарда эки өлкөнүн ортосунда 30га жакын келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

2130297
Эрдоган эртең Иракка барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган 12 жылдан кийин эртең Иракка расмий сапар менен барат.

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Суданинин чакыруусу менен боло турган сапарда эки өлкөнүн ортосунда 30га жакын келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Багдад жана Эрбил багытында жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугуша турган Эрдогандын тарыхый сапарда эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздук, соода карым-катнаштары жана суу темаларын кеңири талкуулай турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар