Челиктин Израилдин тышкы иштер министри Катцка каршы чыгуусу

Бул тууралуу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

2130271
Челиктин Израилдин тышкы иштер министри Катцка каршы чыгуусу

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) басма сөз катчысы Өмер Челик, Израилдин тышкы иштер министри Йизраэль Катцтын президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган билдирүүсүнө байланыштуу, «Бул Израилдин өкмөтү кылган кыргындарды жаап-жашыруу аракетинен башка эч нерсе эмес»,-деди.

Челик, социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Израилдин тышкы иштер министринин биздин президентти бутага алган ашыкча билдирүүсү Израиль өкмөтү тарабынан жасалган кыргындарды жаап-жашыруу аракетинен башка эч нерсе эмес. Балдарды өлтүргөн адамдар ок атышууну токтотуу жана тынчтык демилгесине карата душмандык мамиледе.

Ошондуктан, президентибиздин башчылык кылган ок атышпоо жана тынчтык саясаты дал ушул кыргын тармактарынын бутасы экенин билебиз. Бирок алар эмне кылышпасын, адамзаттын алдында соттолушту жана бир күнү мыйзам алдында жооп бериши качылгыс»,-деп айтты.

Израилдин тышкы иштер министри Йизраэль Катц X социалдык медиа платформасында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаиль Ханийенин сүрөтүн бөлүшүп, акаарат кылган жана жалаа жабуучу комментарийлерди жасаган.



Тектеш кабарлар