Түркия Азербайжан менен Армениянын ортосундагы 4 айыл тууралуу келишимден ыраазы

Түркия Азербайжан менен Армениянын ортосундагы 4 айылдын кайтарылышы боюнча келишимден ыраазы экендгин билдирди.

2130206
Түркия  Азербайжан менен Армениянын ортосундагы 4 айыл тууралуу келишимден ыраазы

Түркия Азербайжан менен Армениянын ортосундагы 4 айылдын кайтарылышы боюнча келишимден ыраазы экендгин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Азербайжан-Армения чек ара (делимитация) комиссиясынын кечээки жыйынында 30 жылдан бери оккупациядагы 4 айылдын Азербайжанга кайтарылышы  жана чек араны тактоо иштери боюнча келишимге кол коюлганы белгиленди.

Билдирүүдө : "Түздөн - түз  сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген бул позитивдүү өнүгүү акыркы тынчтык келишимине кол коюга карай маанилүү кадам болуп саналат»,- деп айтылды.

Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев менен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын жетекчилигинде эки өлкөнүн чек арасында чек араны аныктоо комиссияларынын 8-жыйыны өттү.

Азербайжандын жолугушууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, комиссиялардын кээ бир темаларда макулдашууга жетишкени белгиленди.

Келишимге ылайык, Азербайжандын Газах облусуна карай чек ара СССР тараган кездеги чек арага ылайык аныкталат. Линия Баганис (Армения)-Баганис Айрым (Азербайжан), Воскепар (Армения)-Ашагы Эскипара (Азербайжан), Киранц (Армения)-Хейримли (Азербайжан) жана Беркабер (Армения)-Кызылхажылы (Азербайжан) айылдарынын арасынан өтөт.

Бул абал Армения 1-Карабах согушунда басып алган Баганис Айрым, Төмөнкү Эскипара, Хейримли жана Кызылхажылы айылдарын Азербайжанга кайтарат дегенди билдирет.



Тектеш кабарлар