Техастагы роботик дүйнөлүк чемпиондугуна 17 түрк командасы катышууда

Хьюстондогу Джордж Р.Браун конгресс борборунда 17-21-апрель күндөрүнүн аралыгында өткөрүлгөн чемпионатта дүйнөнүн ондогон өлкөсүнөн 600гө жакын робототехника командасы чыгарган роботтору менен өнөрлөрүн көрсөтүштү.

2130175
Техастагы роботик дүйнөлүк чемпиондугуна  17 түрк командасы катышууда

Америка Кошмо Штаттарынын  Техас штатында өткөрүлгөн 2024 FIRST Robotics Competition (FRC) аттуу дүйнөлүк чемпионатына Түркиядан 17 түрк  командасы катышууда.

Хьюстондогу Джордж Р.Браун конгресс борборунда 17-21-апрель күндөрүнүн аралыгында өткөрүлгөн чемпионатта дүйнөнүн ондогон өлкөсүнөн 600гө жакын робототехника командасы чыгарган роботтору менен өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Келечектин инженер талапкерлери орун алган  FRC иш-чарасына дүйнөнүн төрт тарабынан 22 миңге жакын окуучу катышып, Түркия үй ээси АКШ жана Канададан кийин 400 студент менен чемпионатка эң көп катышкан өлкө болду.
Мурунку жылдары 4 - 5 команда менен жарышкан Түркия бул жылы 17 команда менен  дүйнөнүн эң престиждүү робототехника мелдештеринен бири болгон робототехника чемпионатына катышууда.  Стамбул жана Анкарадан тышкары Мерсин жана Измир  сыяктуу кээ бир облустардан  чемпионатта ийгиликке жетүү үчүн аракет кылып жатышат.

 



Тектеш кабарлар