Судани : "Эрдогандын сапары жөн гана сапар эмес"

АКШда жолугушууларын улантып жаткан Судани билдирүүлөрүндө Эрдогандын Иракка жасай турган сапарына токтолду.

2130136
Судани : "Эрдогандын сапары жөн гана сапар эмес"

Ирактын премьер  - министри Мухаммед Шия ес  -  Судани президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка жасай турган сапарынын "жөн гана сапар эмес экендигин" белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы маселелерди чечүү эркинин бар экендигин айтты. 

Ирактын маалымат агенттиги  INAнын билдиргенине караганда АКШда жолугушууларын улантып жаткан Судани билдирүүлөрүндө Эрдогандын Иракка жасай турган сапарына токтолду. 

Президент Эрдогандын Иракка  22 -  апрелде сапар менен барарын белгилеген Судани : "Түркиянын президентинин Ирак сапары жөн гана сапар болбойт. Эки өлкөнүн ортосунда биринчи жолу маселелерди кечеңдетүүнүн ордуна  чечүү эрки бар",- деди. 

Ирак жерлеринин Түркияга каршы кол салуу аянты болушуна уруксат бербей тургандарын айткан Судани президент Эрдоган менен суу маселесине карата чечүүчү жолдорду да карап чыгышарын баса белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар