Президент Эрдоган менен Исмаил Ханиййе жолугушту

Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

2130183
Президент Эрдоган менен Исмаил Ханиййе  жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Хамас саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханиййе менен жолугушту.

Стамбулда Долмабахче иш алып баруу кеңсесиндеги кабыл алуу басма сөзгө жабык өттү.

Жолугушуудан кийин президенттиктин коммуникация  башкармалыгынан берилген маалыматта Эрдоган жана Ханиййенин Израилдин Газа башта болгон Палестина жерлерине карата кол салуулары, гуманитардык жардамдардын  Газага жетерлик деңгээлде жана үзгүлтүксүз жеткирилиши үчүн аткарылышы керек болгондор аймакта адилеттүү жана туруктуу тынчтык процесси тууралуу темалардын талкуулангандыгы белгиленди. 

Президент Эрдоган жолугушуда Түркиянын эл аралык коомчулуктун көңүлүн  палестиналыктарга жасалган зулумчулукка   буруу үчүн дипломатиялык аракеттерин улантып жатканын, ырайымсыздыктын токтотулушу жана тез арада ок атышпоо зарылчылыгына ар бир мүмкүнчүлүктө басым жасалганын айтты.

Президент Эрдоган, палестиналыктардын бул процессте биримдикте иш-аракет кылышынын абдан маанилүү экенин, Израилге эң күчтүү жооп жана жеңишке жетүүнүн жолу биримдик жана бүтүндүк аркылуу экенин, Палестинанын туура аракети жана чындыктары Израилге каршы дагы көп айтылышы керектигин айтты.

 Эрдоган  жолугушууда Түркиянын кыйынчылыктарды бир деңгээлде жеңилдетүү үчүн Палестинага карата  гуманитардык жардамын улантып жатканын, бүгүнкү күнгө чейин аймакка 45 миң тоннадан ашуун гуманитардык жардам жеткирилгенин жана бир катар чектөөлөр менен бирге  Израилге каршы бир нече санкциянын да ишке ашырылгандыгын белгиледи.

Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалууга баа берген президент Эрдоган, окуялардын Израиль үчүн негиз түзбөшү керектигин, батышта  Израилдин  кол салууларына шек келтирген атмосферанын тарап кетпеши үчүн  көңүлдөрдү  кайрадан  Газага  бура турган изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи. 

Жолугушууда президент Эрдоган Израилдин кол салуусунда шейит болгон балдары жана неберелери үчүн Ханияга көңүл айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар