Түркиядан Газага гуманитардык жардам

Портто токтогон кемеден түшүрүлө турган 3 миң 774 тонналык гуманитардык жардам материалы фуралар жана чиркегичтер менен Рафах чек ара бекетине жеткирилет.

2129811
Түркиядан Газага гуманитардык жардам

Түркиядан Газага жөнөтүлгөн «9-Жакшылык кемеси», 3 миң 774 тонналык гуманитардык жардам жүгү түшүрүлө турган Египеттин Эль-Ариш портуна токтоду.

Түрк Кызылайынын жетекчилигинде даярдалган азык-түлүк, балдар үчүн буюмдар жана уктоочу баштыктар сыяктуу негизги муктаждыктарды жүктөгөндөн кийин 16-апрелде Мерсин портунан жолго чыккан кеме, 55 саатка созулган деңиз сапарынан кийин түнү Эль-Ариш портунун жээгине жетти.

Портко токтогон кемеден түшүрүлө турган 3 миң 774 тонналык гуманитардык жардам материалы фуралар жана чиркегичтер менен Рафах чек ара бекетине жеткирилет.

Бул жердеги бажы процедуралары аяктагандан кийин Палестинанын Кызыл Жарым Айына тапшырыла турган жардамдар Израилдин кол салуулары астындагы газалыктарга таратылат.

Түркиядан ушул күнгө чейин 13 учак жана 8 кеме менен Газага 42 миң тонналык ар түрдүү гуманитардык жардам материалдары жөнөтүлгөн.



Тектеш кабарлар