Эрдоган жана Танзаниянын лидери пресс - жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Африка континентинин өзүнчө орду бар экендигин белгилеп, Түркиянын Африка демилгесинин континент өлкөлөрү тарабынан кубанычтуу кабыл алынгандыгын айтты.

2129589
Эрдоган жана Танзаниянын лидери пресс  - жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Африка континентинин өзүнчө орду бар экендигин белгилеп, Түркиянын Африка демилгесинин континент өлкөлөрү тарабынан кубанычтуу кабыл алынгандыгын айтты.

Президент Эрдоган расмий сапар менен Түркияга келген Танзания Бириккен Республикасынын Президенти Самиа Сулуху Хассан менен жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө карым-катнаштардын өз ара сыйлашуу принциптеринин алкагында күн сайын өнүгүп жатканына көңүл буруп : «Өз ара соода жана  инвестициялардын арттырылышында таштала турган кадамдарды карап чыктык. Эки тараптуу соода көлөмүбүз өткөн жылы  345 миллион долларга жетти. Өсүүгө карабастан учурдагы сандар чыныгы потенциалыбызды чагылдырбайт. Соода көлөмүбүздү биринчи этапта  1 миллиард долларга чыгарууну максат кылуудабыз»,- деди.

Эрдоган премьер-министрлик жана президенттик кызмат учурунда континентке 50дөн ашуун сапар жасаганын эске салды.

Конок президент Хассан Түркияда эң сонун кабыл алынганын белгилеп, Түркияга жана түрк элине ыраазычылык билдирди.

Танзаниянын эки өлкөнүн ортосундагы пайдалуу карым-катнаштарды өнүктүрүүдөгү чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу кайталаганын белгилеген Хассан : «Түркия чындыгында негизги өнөктөш жана бул жердеги сапарым бул өнөктөштүккө  канчалык маани бергенибизди тастыктайт»,-деди.

Хассан президент Эрдоганды өлкөсүнө чакырды.

Ошол эле учурда Түркия Республикасы менен Танзания Бириккен Республикасынын ортосунда инвестицияларды жайылтуу жана жеңилдетүү, жогорку билим берүү, архив жана жогорку билим берүү стипендиялары тармагында 6 келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар