Эрдоган Иран - Израиль чыңалуусу тууралуу билдирди
Президент Режеп Таййип Эрдоган Иран - Израиль тирешине байланыштуу : "Азырынча таң калаарлык эч кандай билдирүү жок",- деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Иран - Израиль тирешине байланыштуу : "Азырынча таң калаарлык эч кандай билдирүү жок",- деди.
Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Эрдоган Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалууга токтолуп : «Израиль менен Иран ар кандай көз караштарды айтышууда. Эч кандай доомат жок (Израиль тарабында Иранга карата кол салуулардын жоопкерчилигин) жана бул темада негизсиз билдирүү да жок. Ирандын билдирүүлөрүнө “бул чындык” деп айта албайсыңар. "Сиз баары бир Израилдин билдирүүлөрү жөнүндө ансыз да эч нерсе айта албайсыңар. Израиль тарабы Иранга карата жасалган кол салуу тууралуу билдирүү жасашы үчүн Америка Кошмо Штаттарын ортого салышууда",- деп баа берди.
Ирандын маалымат каражаттары жардыруу үндөрүнүн Ирандын аба күчтөрүнүн базасы жайгашкан Исфахан провинциясынын түндүк-чыгышынан угулганын жарыялашкан.
Андан кийин борбор шаар Тегеран, Исфахан жана Ширазда, Ирандын айрым аймактарында аба каттамдарынын токтотулганы кабарланды.
Америкалык маалымат каражаттары Израилдин Ирандын аймагына чабуул жасаганын билдирген.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Батыш башкаруучуларынын Газа боюнча эки жүздүү саясаттарын этияттык менен байкап жатабыз»,
Бир жумада 43 террорист жок кылынды
Мындан кийинки процессте да террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улантылары билдирилди.