Түркиядан Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.
16 - апрелде Мерсин портунан чыккан кеме Түрк Кызылайы тарабынан азык-түлүк, балдарга керектүү буюмдар, уктоочу баштыктар жана ун сыяктуу керектүү нерселер менен жолго чыккан кеме Жер Ортолук деңиздеги сапарын аяктайт.
Египетке жакындаган кемеге май куюлууда.
Күйүүчү май куйгандан кийин кеме багытын Египеттин Эль-Ариш портуна бурат.
Кечки сааттарда портко барышы күтүлгөн кемедеги 3 миң 774 тонна гуманитардык жардам материалы жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Рафах чек ара капкасынан Газадагы Палестина калкына жеткирилет.
Түрк Кызылайы жана АФАДдын кызматташуусунда 13 учак жана 8 кеме менен Газага жалпы 39 миң 697 тонна гуманитардык жардам материалдары жеткирилди.
Тектеш кабарлар
Министр Мехмет Шимшек ОЕСД жыйыны үчүн Парижде
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек эки башка жыйында сөз сүйлөйт.