Стамбул техникалык университети "QS" рейтингинде алдыңкы 100гө кирди

“Инженерия жана технология” тармагында 95-орунга көтөрүлгөн СТУнун жаңы максаты – алдыңкы 50гө кирүү.

2129492
Стамбул техникалык университети "QS" рейтингинде алдыңкы 100гө кирди

Стамбул техникалык университети (СТУ) маанилүү ийгиликке жетишти.

СТУ дүйнөлүк рейтингде Түркия үчүн академиялык деңгээлди жогорулатып, QS 2024 Field Based World Rankings рейтингинде алгачкы 100гө кирген түрк университети болду.

СТУ болжол менен 3 миң университетке баа берилген тизмеде 3 тармакта алдыңкы 100гө кирди.

“Инженерия жана технология” тармагында 95-орунга көтөрүлгөн СТУнун жаңы максаты – алдыңкы 50гө кирүү.

Рейтингдерде долбоорлор, эл аралык илимий журналдарда жарыяланган макалалардын саны жана академиялык чөйрөлөрдө жүргүзүлгөн репутация изилдөөлөрү чоң мааниге ээ.

СТУда 38 миң студент, анын ичинде 12 миң магистрант жана докторант билим алууда.



Тектеш кабарлар