БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Жер Ортолук деңиздеги коопсуздук көйгөйлөрү талкууланды

Ахмет Йылдыз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде Жер Ортолук деңиздеги коопсуздук көйгөйлөрү талкууланган сессияда сөз сүйлөдү.

2129311
БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Жер Ортолук деңиздеги коопсуздук көйгөйлөрү талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары элчи Ахмет Йылдыз, Жер Ортолук деңиз аймагындагы коопсуздук, ырааттуулук жана гүлдөп өнүгүүнүн Түркия үчүн чоң мааниге ээ экенин айтты.

Ахмет Йылдыз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде Жер Ортолук деңизиндеги коопсуздук көйгөйлөрү талкууланган сессияда сөз сүйлөдү.

Жер Ортолук деңизиндеги сыноолордун ар тараптуу жана көп тараптуу экенине көңүл бурган Йылдыз, булардын арасында саясий ыраатсыздык, кагылышуулар, террор, климаттын өзгөрүүсү, мыйзамсыз миграция жана социалдык-экономикалык теңсиздиктер бар экенин билдирди.

Дүйнө калкынын төрттөн биринен көбүнө таасир эткен кагылышуулардын Түркияга жакын аймактарда болуп жатканына басым жасаган Йылдыз: «Ошондуктан чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү жана ортомчулук Түркиянын тышкы саясатынын приоритеттеринин бири»,-деди.

Ахмет Йылдыз Түркиянын аймактагы көйгөйлөрдүн адилеттүү, тең жана тынчтык жолу менен чечилишин, деңиз юрисдикцияларынын эл аралык укукка ылайык акыйкаттык принцибинин алкагында такталышы жана көмүр суутек ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүлүшүн толук колдоого даяр экенин баса белгиледи.

Ушул алкакта президент Режеп Таййип Эрдогандын Чыгыш Жер Ортолук деңиз конференциясын уюштуруу сунушунун узак мөөнөттүү чечүүчү жол үчүн маанилүү кадам боло аларын белгилеген Йылдыз, бул сунуштун дагы эле үстөлдө экенин айтты.

Йылдыз, Кипр маселесинин чечилиши бүткүл Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагынын коопсуздугуна жана гүлдөшүнө да салым кошо турганын билдирип: «Азыр аралдагы реалдуулукка ылайык, эки тараптын эгемендүүлүгүнө жана тең эл аралык статусуна негизделген мамилелерге көңүл бурууга убакыт келди»,-деди.

Элчи Йылдыз: «Түркия Жер Ортолук деңиз аймагында тынчтык, ырааттуулук, гүлдөп өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жаатындагы бардык аймактык жана эл аралык аракеттерге активдүү колдоо көрсөтүүнү улантат»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар