Түркияга келген туристтердин көбү коңшу өлкөлөрдөн

2023-жылы Түркияга келген чет элдик туристтердин саны 56 миллион 693 миң 837ге жетти.

2127790
Түркияга келген туристтердин көбү коңшу өлкөлөрдөн

Түркияга үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында 4 миллион 341 миң 606 киши келсе, эң көп турист Иран, Орусия жана Болгариядан келди.

Маданият жана туризм министрлигинин туризм статистикасынан алынган маалыматка караганда, 2023-жылы Түркияга келген чет элдик туристтердин саны 56 миллион 693 миң 837ге жетти.

Бул туристтердин 49 миллион 209 миң 180и чет элдиктер, 7 миллион 484 миң 657си «чет өлкөдө жашаган жарандар» болду.

Чек ара кириш-чыгыш статистикасына караганда Түркия 2024-жылдын январь айында 2 миллион 47 миң 27, февраль айында 2 миллион 294 миң 579 чет элдик туристти кабыл алды.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде Түркияга 3 миллион 876 миң 381 чет элдик турист кирген. 

Бул маалыматтарга караганда үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Түркияга келген чет элдиктердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12 пайызга өсүп 4 миллион 341 миң 606га жетти.

2023-жылы жана 2024-жылдын биринчи 2 айында Түркияга келген туристтердин жалпы саны 61 миллион 35 миң 443тү түздү.

Январь жана февраль айларында Түркияга эң көп турист жиберген өлкө 437 миң 905 киши менен Иран болду.

Ирандан кийин 433 миң 654 киши менен Орусия жана 345 миң 301 киши менен Болгария турат.

Болгариядан кийин Германия жана Грузия бар.



Тектеш кабарлар