Түркия Иран-Израиль чыңалуусуна карата сабырдуулукка чакырды

Ирандын Израилге кол салуусунан кийин Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Түркиянын Израилдин Газадагы согушунун жайылуу жана күчөп кетүү коркунучу бар экени тууралуу эскертүүлөрүн көптөн бери бардык маектештерине эскерткени белгиленди.

2127538
Түркия Иран-Израиль чыңалуусуна карата сабырдуулукка чакырды

Түркия Иран-Израиль чыңалуусуна карата сабырдуулукка чакырды.

Ирандын Израилге кол салуусунан кийин Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Түркиянын Израилдин Газадагы согушунун жайылуу жана күчөп кетүү коркунучу бар экени тууралуу эскертүүлөрүн көптөн бери бардык маектештерине эскерткени белгиленди.

Билдирүүдө: «Израилдин Ирандын Дамасктагы элчилигине эл аралык мыйзамдарды бузуу менен кол салуусу биздин кооптонууларыбыздын канчалык туура экенин көрсөттү. Ирандын бул кол салууга каршы өч алуу чабуулу жана андан кийинки окуялар окуялардын тез арада аймактык согушка айланып кетиши мүмкүн экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Окуяга чейин биз Иран жана АКШнын бийликтери менен жолугуп, сабырдуулукка чакырганбыз. Тараптардын өз ара күтүүлөрү жана билдирүүлөрү өлкөбүз аркылуу жеткирилип, реакциялардын пропорционалдуу болушу үчүн керектүү демилгелер көтөрүлдү.

Бүгүн биз Иран бийлигине жана Израилге таасири бар батыш өлкөлөрүнө билдирүүлөрүбүздү ачык жеткирип, кырдаалдын курчушун токтотууга чакырып жатабыз. Аймагыбыздын ырааттуулугуна биротоло зыян келтире турган жана глобалдык деңгээлде дагы чоң чыр-чатакка алып келүүчү процесстин алдын алуу үчүн аракеттерибизди улантабыз»,-деп айтылды.

 



Тектеш кабарлар